Биз менен байланышыңыз

Эрдоган С-500 зениттик-ракеталык комплекстерин алат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 453 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган С-500 ракеталык комплексин сатып алуу боюнча Орусия менен келишим түзөрүн жарыялады. Ошол эле учурда С-400 комплексин сатып алуу боюнча келишим такталып бүткөнүн белгиледи. Ушул жылдын июль айында аталган куралды сатып алууга үмүтүн билдирди.

Түркиянын америкалык «Patriot» зениттик-ракеталык комплекситерин сатып алуу сунушуна АКШ каршы болуп келди.

Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн тең ракеталык куралдарын сатып аларын, алар бири-бирине тоскоол болбосун айткан.

Эске салсак, Түркиянын АКШдан курал сатып алуу сунушуна 1,5 жылдан кийин гана жооп келип, ал бир катар шарттар менен коштолгону айтылууда. Анкара «Patriot» ЗРК сатып алууга 3,5 миллиард доллар бөлөрүн маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM