Биз менен байланышыңыз

Баткенде кездеме аткезчилиги аныкталды

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 482 | 0

Баткен облусунда кездеме аткезчилиги аныкталды. Бул тууралуу малмектеттик Бажы кызматы билдирди.

ЕАЭБ аймагынан келген жүктөрдү текшерүү максатында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында, Баткен бажычылары 26-февралда Баткен облусунда “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда “MARJAN INVESTMENT GROUP” маркасындагы 85 рулон синтетикалык кездеме табылды. Анын салмагы 1683 кг болгон, материалдар коңшу өлкөлөрдөн ташылып келе жаткан.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM