Биз менен байланышыңыз

Жер көчкүдөн жабыркагандарга жер бөлүнөт

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 397 | 0

Өкмөт Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына 33,4 гектар кайрак жер бөлүү боюнча токтом кабыл алды.

Ага ылайык, бул жер аймагы 2017-жылы жер көчкүдөн жабыркаган тургундарды көчүрүү жана Базар-Коргон районунун социалдык маселелерин чечүү максатында бөлүнүүдө.

Буга чейин февраль айында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында айыл чарба багытындагы 17 гектар жер тилкеси калктуу конуштар категориясына которулган.

Эске салсак, 2017-жылы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү болуп, жети үйдү басып калган, андагы 24 адам көчкү алдында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда өлкөдө жер көчкү коркунучу бар аймактарда 4 миңге чукул адам жашай турганын жана 1200гө чукул жерде сел коркунучу бар экендигин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM