Биз менен байланышыңыз

Милициялардын ишин аксаткан ашыкча салмак

Коом , Күн чекит | 5 Мар 2019 | 1249 | 0

“Оор салмактагы милиция же офицердин бизге кереги жок. Оор салмактагы милиция кылмышкерди кантип кармай алат? Спорт менен машыксын. Мен үчүн эмес, өзүнүн ден соолугуна керек. Биз аларга убакыт берели: үч же алты ай, бул мезгил аралыгында алар мыкты калыбына келишип, ашыкча салмактан арылсын”.  Бул — Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 1-мартта Наманган облусунун активи менен жолугушуу учурунда айткан сөзү. Ал эми Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө салмакка, физикалык даярдыкка кандай талаптар бар? Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов айтып берди.

-Бизде ар бир кызматкер жумасына эки жолу сөзсүз түрдө спорт менен машыгуусу зарыл. Атайын багыттагы түзүмдөр күндө машыгат. Мен өзүм да жумушумду спорт залдан баштайм. Ал эми ашыкча салмак боюнча айтсам, кызматкер кандайдыр бир наам алганда же кызмат ордунан көтөрүлгөндө жана жылына эки жолудан кароодон өткөрүлөт. Албетте, оор салмактагы кызматкерлер атайы сынактан өтпөй калышат.

Ал эми Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул уулунун пикиринде, бүгүнкү күндө күч органдарынын физикалык даярдыгын текшерүү тиешелүү талапта өткөрүлбөйт.

-Милиция кызматкерлерин физикалык даярдыгы боюнча атайын сынактан өткөрүлүп турчу. 30-40 киллограмм ашыкча салмагы бар кызматкер кантип турникке тартынат. Бул мүмкүн эмес. Бизде сынактардан кантип өтүп жүргөнү баарыбызга белгилүү. Ашыкча салмактагы кызматкерлердин көптүгүнөн, текшерүүлөр жең ичинен эле өткөрүлөт деген ойго келем.

Жол коопсуздугу коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетованын баамында, ашыкча салмактагы кызматкерге элдин ишеними төмөн.

-Практика көрсөткөндөй, жол коопсуздугун камсыздоо, милиция кызматкерлеринин өз ишин аткарууда ашыкча салмак таасирин тийгизет. Эл да күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жүрүм-турумуна, кийимине, ыкчамдуулугуна көңүл бурат.

Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаевдин пикиринде ашыкча салмак, күч органдарынын кызматкеринин өз жумушун толук түрдө аткарууга тоскоол болот.

-Күч органдарынын кызматкерлери кылмышкер менен күрөшүүдө же куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндө физикалык даяр болуусу зарыл. Мисалы, 3-4 километр тынбай чуркай алышы керек. 80-90 килограмдагы кызматкер үчүн бул кыйын болот.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы Тажикстанда милиция кызматкерлерине ашыкча салмагынан арылууга убакыт берип, арыктай албагандарын жумуштан айдаган.

Copyright © 2017 Maral FM