Биз менен байланышыңыз

Самарадагы жол кырсыгында кыргызстандык жабыркады

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 774 | 0

Орусиянын Самара облусуна жакын жердеги жол кырсыгынан 8 киши жабыркап, анын ичинен үчөө каза болду, дагы төртөө Красноярск борбордук ооруканасына жаткырылды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, жабыркагандардын бири кыргызстандык жаран.

Жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 09.24 чамасында Красноярск районунда катталган. Алдын ала маалымат боюнча ооруканага жаткырылгандардын абалы оор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM