Connect with us

Текебаевдин иши 23-апрелде Жогорку Сотто каралат

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 1034 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши 23-апрелде Жогорку Сотто карала турган болду. Бул тууралуу «Марал» радиосуна «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

-Бизге Жогорку Соттон байланышып, Текебаевдин ишин кароо 23-апрелге дайындалганын кабарлашты. Биз мындан тышкары БУУнун комитетине да кайрылып оң жооп алганбыз. 

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери буга чейин Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу Жогорку Сотко кайрылышкан.

26-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча комитети «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароого макулдук берген.

Саясатчыга карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM