Биз менен байланышыңыз

Чуйченко: Путин Кыргызстанга келгенде маанилүү документтерге кол коюлат

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 530 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды. Орус делегациясы Кыргызстанга кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 21–жыйынына катышуу үчүн келген.

Жээнбеков кыргыз-орус кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын, акыркы жылдары эки өлкө ортосунда ишенимдүү мамиле орногонун белгиледи.

Константин Чуйченко Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик визити учурунда мазмундуу документтерге кол коюлушуна аракеттер жасалып жатканын айтты.

Жолугушууда Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине даярдык, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУ уюмдары алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM