Биз менен байланышыңыз

Айдоочулардын көбү коопсуздук курун айыптан корккон үчүн тагат

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 547 | 0

Бишкекте айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курун 61 пайызы гана колдонушат. Бул тууралуу «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук курун айдоочулардын 70 пайызы, алдынкы орундукта отурган жүргүнчүлөрдүн 58,7 пайызы жана арткы орундукта отургандардын 6,3 пайызы тагынышат.

Иликтөөгө ылайык, айдоочулардын көпчүлүгү коопсуздук курду айыппул төлөбөйүн деп тагынышат.

Былтыр Кыргызстанда 5 миң 995 жол кырсыгы катталган, анда 716 киши каза таап, 9 миңден ашуун киши жаракат алышкан. Ошондой эле, коопсуздук куруна байланышкан 260 миң эреже бузуу катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM