Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы Кыргызстанга 30 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 740 | 0

Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун 26-февралда Сауд Аравияга жасаган иш сапары учурунда фонддун аткаруучу директору Халид бин Салим жолугушканда айтылды.

Сауд Аравия Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, сугат тармагына каражат бөлөрүн билдирген.

Ошондой эле 2019-жылы Кыргызстандагы долбоорлорго каржы бөлүү көбөйтүлө тургандыгы да кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM