Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча соттук угуулар улантылууда

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 496 | 0

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоодо коррупциялык көрүнүштөргө жол берген бир топ жетекчилердин иши боюнча соттук угуулар улантылып жатат.

Маалыматтар боюнча, алдын ала уктуруулар бүгүн жыйынтыкталат. Соттук отурум 6-мартта башталат.

Буга чейин 18-февралдагы соттук отурум жабык өткөн. Ага бир гана жактоочулар катышып, айыпталуучулардын бири мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов журналисттерге маалымат берген. Бүгүнкү отурумда мыйзамсыз далилдердин тизмеси каралуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча айыпталгандардын иши иликтенип бүтүп, 13-февралда материалдар сотко өткөрүлгөн. Бул ишти судья Инара Гилязетдинова карап жатат.

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерге мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM