Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 10 миң 574 адам жаза өтөөдө

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 418 | 0

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 10 миң 574 адам жаза өтөп жатат. Бул тууралуу түрмө иликтөөлөрү боюнча эл аралык борбордун маалыматтарында айтылат.

Борбордук Азияда жалпысынан 133 миң 462 адам түрмөдө. Анын ичинен эң азы Тажикстанга туура келет, ал 9 миң 317 адам.

Эркинен ажыратылган жарандары эң көп өлкө Өзбекстан, бул өлкөнүн түрмөлөрүндө 43 миң 900 адам бар. Казакстандын абактарында 39 миң 219, Түркмөнстанда 30 миң 452.

Кыргызстанда 2019-жылдын башынан тарта жаңы кодекстер иштеп баштаганына байланыштуу 460 соттолуучунун жаза мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM