Биз менен байланышыңыз

Бишкек менен Чүйдө камералар көбөйтүлөт

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 548 | 0

12-марттан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы менен келген камералар иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен кабарлашты.

Бишкектин Бөкөнбаев –Манас көчөсүндө, Чүй жана Манас проспектисинин кесилишинде, Чүй — Павлов, Жибек Жолу — Манас, М.Ганди — Боталиев, Жибек Жолу — Курманжан Датка, Ахунбаев — Байтик Баатыр, Чүй жана Абдрахманов, Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине камералар орнотулат.

Мындан тышкары, Бишкек-Ош унаа жолундагы көзөмөл камералары да көбөйтүлөт. Тагыраагы, 12-марттан тарта унаа жолдун 154,3 чакырымында, 13-марттан тарта 160-чакырымында камера иштей баштайт.

Чүй облусундагы үч негизги жолдо камералар орнотулат:

Бишкек-Ош жолу: 

— 154,3-чакырымдарда (12-мартта);
— 160-чакырымда (13-мартта).

Бишкек – Чалдовар жолу: 

— Кара-Балта шаарындагы «Мээрим» дүкөнүнүн маңдайы, 61,6-чакырым (12-мартта);
— Алексеевка айылы, 66-чакырым (13-мартта);
— Вознесеновка айылы, 67,3-чакырым (14-мартта);
— Панфилов айылы, 74-чакырым (15-мартта);
— Панфиловка айылы, 78,2-чакырым (16-мартта).

Бишкек – Торугарт жолу: 

— Киргшелк айылындагы «Газпромдун» жанында 17,7-чакырым (12-мартта);
— Люксембург айылындагы «Бишкек Петролеумдун» жанында 18,8-чакырым (13-мартта);
— Люксембург айылы, Ленин-Западный көчөлөрүнүн кесилиши, 20-чакырым (14-мартта);
— Кант шаарындагы «Газпромдун» маңдайында, 25-чакырым (15-мартта);
— Красная-речка айылындагы Ленин көчөсү 151-үй, 31,7-чакырым (16-мартта).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM