Connect with us

Бир катар конуштарга айыл макамы берилет

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 467 | 0

Өкмөт Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы бир катар конуштарга айыл макамын берүү тууралуу маселени көтөрүп, тийиштүү мыйзам долборунун концепциясын сунуштады.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бул маселени карап, мыйзам долборунун концепциясын жактырды.

Жалпысынан 31 конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Бул конуштардын жашоочуларынын жалпы жыйындарында ал конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдер кабыл алынган.

Анын негизинде жергиликтүү кеңештер, мамлекеттик администрациялар, өкмөттүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси өкмөткө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM