Биз менен байланышыңыз

Түркия кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетет

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 426 | 0

2019-жылдан тарта Түркиянын элчилиги кыргыз жарандарына эмгек визасын берүү жараянын жеңилдетет. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын жолугушуусунда айтылды.

Тараптар кыргыз жарандарын Түркиянын аймагында ишке орноштуруп иштеген компаниялар көтөргөн көйгөйлүү маселелерди талкуулашкан. Алардын ичинде эмгек визасын берүү жол-жобосу жана мөөнөтү тууралуу маселе каралган.

Жеңгиз Камил Фырат өз учурунда элчилик 2019-жылы айрым консулдук процедураларды жана документтерди кароо мөөнөтүн кыскартуу боюнча пландар каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле Миграция кызматынын, Түркия элчилигинин жана ишке орноштурган жеке компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашышты.

Эске салсак, азыркы учурда 710 миңге жакын кыргыз жараны чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Алардын 30 миңге жакыны Түркиянын аймагында эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM