Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Абековдун жаза мөөнөтү кыскартылды

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 408 | 0

Жогорку Сот “Мегаком” компаниясынын мурунку башчысынын кеңешчиси Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов жаңы күчүнө кирген кодекстерге ылайык, Абековдун жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу боюнча доо арыз жазган.

Судья Лепес Темирбеков Абековдун баш коргоо чарасын карап, анын жаза мөөнөтүн 25 жылдан 15 жылга кыскартты. Абеков 2012-жылдын январь айынан бери камакта.

Алмазбек Абеков “Кылмышты легалдаштыруу”, “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “Алдамчылык” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM