Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылам

Күн чекит | 26 Фев 2019 | 1405 | 0

Министр Космосбек Чолпонбаев тез жардам унаасын алууга белгиленген гранттык акчага жол тандабастыкызматтык унаа сатып алганы буга чейин талкуу болгон. Муну Жогорку Кеңештин депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы Абдувахаб Нурбаев комитеттик жыйында көтөрүп чыкты. Эл өкүлүнүн пикиринде, саламаттыкты сактоо министри бул орчундуу иши үчүн кызматтан чегиниши талап. “Марал” радиосу Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаевге суроо салдык.

-Абдувахаб мырза, тез жардам унааларынын ордуна кызматтык унаа сатып алынган тууралуу маалыматты кантип иликтедиңиз?

-Биринчи бул маалымат массалык маалыматтарга чыккан. Ушул боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү органдарга кат жаздым. Космосбек Чолпонбаев болсо бул маселени мага чейин эле чечилген деп жооп берген.  Бирок Дүйнөлүк Банкка кайрылганыбызда, тез жардам унаалардын ордуна эки “Джип” унаасын алып берүү боюнча катты Космосбек Чолпонбаев өзү кат жолдогондугун далилдеп берди.  Негизи бул Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн гранттык акча. Аймактагы 64 ооруканага тез жардам сатып берүүгө багытталган болчу. Бирок кийин бул шартты өзгөртүшүп, эки джип сатып алууну суранышкан. Бүгүн бул маселени комитетте карап, гранттык акчалар туура эмес пайдаланылганын белгиледик. Экинчиден, бул мыйзам бузууну башкы прокуратура толук иликтеп берүүсүн сурандык. Джип машинасын сатып туруп, ордуна тез жардам унаасын алуу керектигин талап коюп жатабыз. Төртүнчүдөн, өкмөткө кайрылып, Саламаттыкты сактоо министрин ээлеген ордун карап берүүнү сунуштадык.

-Тез жардам унаасынын ордуна кызматтык унааларды алуу механизми кантип ишке ашырылды? Буга дагы ким жол берди?

-Мында министрдин жоопкерчилиги чоң. Биз эми прокуратурага тапшырма бердик. Толук маалымат ошондо белгилүү болот. Тыянакты күтүп жатабыз.

-Кызматтык унаалардын сатып алынышынан улам, мамлекет канча көлөмдө зыян тартты?

-100 миң долларга зыян келтирилди. Булар Дүйнөлүк Банктын уруксаты менен алдык деп жатышат. Саламаттыкты сактоо тармагында толгон-токой көйгөй болуп жатканда, Космосбек Чолпонбаевдин бул кылганы моралдык жактан туура эмес.

-Бул Космосбек Чолпонбаевдин жалгыз эле катасыбы же буга чейинки иштерине да нааразы болуп жатасызбы?

-Бул эң чоң катасы, буга чейин деле көп кемчиликтерди кетирип келген.

-Мисалы?  

-Кыргызстанга 7 реанимобиль келиш керек болчу. Бул техника аймактарга багытталып, ичинде бардык шарты бар, УЗИсине чейин орнотулган жабдуулары менен алыскы регионго чыгары белгиленген. Бул тапшырма эки жыл мурун чечилген, бирок алигиче ишке ашпай турат. Мындан тышкары, Бишкекке 15 тез жардам унаасы келген, бирок алар дагы иштебей кампада турат. Талапка жооп бербеген техникалар болуп чыкты. Талаш канча убактан бери чечилбей жатат же элге кызмат кылбайт. Дагы бир көйгөй, көптөгөн эле ооруканаларда чыр чыгып жатат, бул тармакты жетектөө династияга айланып калыптыр, кызматтарын колунан чыгарышпайт. Министр алар менен күрөштү жүргүзө албай жатат.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM