Биз менен байланышыңыз

Кой-Ташта 25 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 414 | 0

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылына жакын талаада «Мазда» үлгүсүндөгү унаадан 23 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, 25-февраль күнү эртең мененки саат 09.00 чамасында Аламүдүн райондук милициясына адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

-Жерине укук коргоочулар барганда ок жеген кишинин сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери териштирүү учурунда маркум 25 жаштагы Ш.А. аттуу киши экени аныкталды. Сөөктү куруучулар табышып, милицияга кабарлашкан. Аталган факты бирдиктүү реестрге каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бардык версиялар териштирилип жатат.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM