Биз менен байланышыңыз

«Апрель» телеканалына карата соттун чечими 28-февралда чыгышы мүмкүн

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 505 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту “Апрель” телеканалын жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн түшкөн доо арызды карай баштады.

Бүгүн, 26-февралдагы отурумда айыпталуучу тараптын жактоочулары коюлган күнөөнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү өтүнүштү. Бирок доогерлер буга каршы чыкты. 28-февралда соттун чечими чыгары күтүлүүдө.

Эске салсак, саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев “Апрель” телеканалын жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен. Алар мурунку президенттин аталган телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө өздөрү тууралуу айтылгандарга нааразы болуп, моралдык доо катары 18 млн сом өндүрүүнү талап кылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM