Биз менен байланышыңыз

Зергер жана Кара-Таш айылдарына ичүүчү суу берилди

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 465 | 0

Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун» тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен бул айылдар суусуз калган. Компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү суу жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирилип жаткан.

Кырдаалды изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Натыйжада, бүгүнкү күндө «Цзинь Лун» ЖЧКсы Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, жалпы узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM