Кыргызстандык журналист Улугбек Бабакулов Франциядан башпаанек алды. Бул тууралуу Фергана маалымат агенттиги жазды.
Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгы журналист Улукбек Бабакуловго карата 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал Fergananews.com сайтында жана башка ресурстарда чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялоого шектелген.
Ал эки жыл мурун жеке коопсуздугуна байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткен.