Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Казакстандын жаңы өкмөтү картошка маселесин чечсе, аброй топтойт

Күн чекит | 26 Фев 2019 | 786 | 0

Казакстанда өкмөт башчы алмашып, эми министрлер кабинетин Аскар Мамин жетектей баштады. Муну менен Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Марал радиосу эл аралык маселелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовду маекке тартты.

-Эдил мырза, Аскар Маминдин өкмөттү жетектей башташы менен кыргыз-казак мамилеси кандай нукта өнүгөт?

-Жаңы премьер-министрдин келиши Казакстанда чоң саясатка айланып, кошуна мамлекеттерде да талкуу жаратты . Эмне үчүн мурдагы премьер-министр кетти деген суроо турат. Экс-өкмөт башчы президент Нурсултан Назарбаев койгон максаттарды ишке ашыра албай койгондугу айтылып жатат. Анткени Казакстанда социалдык саясат оор болуп, өкмөттүн алдына социалдык жактан жардамды күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлган. Бүгүнкү күндө жөлөк көрсөтүүчү программалар дарегине жетпей турат.

Жаңы дайындалган Аскар Мамин жаңы багытта иш алып барары күтүлүүдө. Кыргыз-казак масилеси жаңы денгээлге чыкты десек болот. 2018-жылы чоң максат коюлган – 1 жылдан ичинде соода алмашуунун деңгээлин 500 млн сомго жеткирүү. Бирок бул көрсөткүчкө жеткен жок. Ошол эле картошка жаңжалы. Кыргызстандын азык-түлүгүн киргизбей койду. Бул – туура эмес. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин маселе болбошу керек. Бирок жаңы өкмөт башчынын келиши менен бул көйгөй чечилет деген ойдомун.

-Жаңы өкмөт бул маселени кайсы жакка чечет, тыюуну улантабы же жокко чыгарабы?

-Бул боюнча түрдүү пикирлер бар. Ошол эле казак эксперттердин тыянагына ылайык, Түндүк Казакстанда көп картошка жыйналып, фермерлер сата албай жатышат. Ошон үчүн дагы импорттук продукцияга тыюу салынганын жүйө келтирип жатышат. Экинчиден, казак инспекциясы картошканы гана эмес, эт жана башка айыл-чарба өндүрүмгө тоскоолдук жаратып келатат. Бул эл аралык келишимге таптакыр каршы келет. Келишим тургандан кийин тоскоолдуктун баарын алышы талап.

-Сиз буга чейин эски премьерди Нурсултан Назарбаев нараазы болгондуктан алып салды деп билдирдиңиз. Премьер-министрдин алмашышы менен картошка жаңжалы бир маалда чыкканы – казак президенти экс-премьердин саясатын колдобойт дегенди түшүндүрөбү?

-Андай деле тыянак чыгарса болбойт. Жаңы өкмөт аны чечсе, ал аброй топтойт. Бул көйгөй – көбүрөөк казак экономикасына байланыштуу го деп ойлойм.

-Дагы кандай тармактар боюнча кызматташууну жаңы көз арашта улантуу зарылчылыгы турат?

-Эки мамлекет ортосунда оор көйгөй жок, чек ара жагынан дагы талаш-тартыш жок. Негизгиси, экономикалык жактан келишимдерди аткарылбай жатышы кыйынчылыктарды туудурууда. Эгер казак бийлиги бул тоскоолдуктарды жойсо, мамиле кыйла жакшырат деген ойдомун.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM