Биз менен байланышыңыз

Ирандын тышкы иштер министри кызматтан кетерин «Инстаграм» аркылуу билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 620 | 0

Ирандын тышкы иштер министри Джавад Зариф ээлеген кызматынан кеткенин башкача жол менен билдирди. Министр күтүүсүздөн эле «Инстаграм» баракчасы аркылуу кызматтан кетерин жар салды. Бул тууралуу Ирандын ИРНА мамлекеттик маалымат агенттиги бүгүн жазып чыкты.

Ал ошондой эле айткан сөздөрү, өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруудагы кетирген кемчиликтери үчүн кечирим сураган.

Джавад Зариф Ирандын ядролук программасы жөнүндө маселе боюнча башка державалар менен келишимге жетишүүдө маанилүү роль аткардыгы белгиленет.

Мохаммад Джавад Зариф бул кызматты 2013-жылдын 15-августунан аркалап келет. Ал ошондой эле Иран Ислам Республикасынын Бириккен Улуттуар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM