Биз менен байланышыңыз

Сырттан келген грантардын көлөмү кыскарат

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 541 | 0

2018-жылы салыктан республикалык бюджетке 103 млрд 736млн сом түштү. Бул тууралуу 14-февралдагы маалымат жыйында Финансы министринин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Бул көлөмдү 2017-жыл менен салыштырсак, 12,4 пайызга же 12 млрд 274 млн сомго жогору болгон.

Ал эми салыктык эмес түшүүлөрдү карсак, 2018-жылы 22млрд 552млн сом түшкөн. План боюнча 22млрд 798млн сом келиши керек болчу. Ошону менен план 1,1 пайызга же 246млн сомго аткарылган эмес.

«2017-жыл менен салыштырсак, салыктык эмес түшүүлөрдүн көлөмү азайып бара жатат. Негизги себеби 2017-жылы бир жолку ири көлөмдөгү каражаттын келиши себеп болгон. Эми мындан ары да аз болуусу мүмкүн»-деди, ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM