Биз менен байланышыңыз

Министрликтер маалымат жыйынды «Кабардан» гана берүүгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 854 | 0

Өкмөттүн бардык мамлекеттик органдары жана админстративдик ведомстволор маалымат жыйындарын “Кабар” агенттигинде гана өткөрүүгө милдеттендирилди.

Тиешелүү буйрукту вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чыгарды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Ага ылайык, мындан ары жалпы маалымат жыйындар, тегерек үстөлдөр жана башка массалык маалымат каражаттарына байланыштуу билдирүүлөр “Кабар” маалымат борборунда өткөрүлүүгө тийиш. Мамлекеттик органдарга бул тууралуу кабарланды.

Кошумчалай кетсек, «Кабар» агенттиги мамлекеттин карамагындагы мекеме болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM