Биз менен байланышыңыз

Террористке документ жасаган жетекчи эки жылга соттолду

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 664 | 0

Бишкек шаардык соту борбор калаанын паспорт берүү мекемесинин мурунку жетекчисин эки жылга эркинен ажыратты.

Чечимде аталган мекенин Т.М аттуу жетекчиси Ооганстандын жаранына жасалма паспорт берген. Андан соң башка дагы  документтерди даярдап, жаңыга алмаштырган. Ошону менен чет өлкөлүк жаранга Кыргызстандын жараны деген паспорт берилгени айтылат. Ооганстандык  жаран болсо, Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп чыккан.

Эске салсак, буга чейин Биринчи май райондук сот аталган жетекчиге алты жылга кесип,мүлкүн мамлекетке алуу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM