Биз менен байланышыңыз

Рекорддук айлыкка ээ болгон Рэмзи “Арсенал” менен коштошту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 626 | 0

Лондондук “Арсенал” футбол командасынын жарым коргоочусу Аэрон Рэмзи Туриндик “Ювентус” клубу менен келишим түздү. Сүйлөшүүлөр боюнча футболчу британиянын спорт тарыхында эң көп каражат ала баштайт. Бул тууралуу BBC жазды.

Туриндик клуб коргоочуга жумасына  456,27 миң евро сунуштады. 4 жылда Рэмзи 95 миллион еврого жакын акча табат. Ал келишим боюнча “Ювентус” клубуна 2019-жылдын жай айында кошулууга тийиш.

28 жаштагы футболчу “Арсеналдан” кетүүсү боюнча социалдык тармакта бөлүшүп өттү. Рэмзи Twitter баракчасында команда күйөрмандарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, клубдан “кайгыруу” менен айрылып жаткандыгын билдирди. Ал бул команда менен 11 жыл чогуу болгон.

Англия чемпионатында Рэмзи “Арсеналдын” курамында 22 матч оюн өткөргөн. Ал аралыкта эсебин эки гол, 6 көрүнүктүү топ берүү менен толуктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM