Биз менен байланышыңыз

Финпол бирдиктүү депозиттик эсепке 10 миллион сом которду

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 548 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бирдиктүү депозиттик эсепке 10 млн 626миң 597 сом которду. Бул тууралуу кызматтын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө чейин депозиттик эсепке 1 млрд сом которулганын Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында айткан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жалпы 445 млн 630 миң 156 сом которду.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM