Биз менен байланышыңыз

Атагы бар, өзү жок кыргыз фильмдери

Блог | 10 Фев 2019 | 1237 | 0

Кыргызстанда акыркы жылдары абдан көп кинотасмалар тартылууда. 2010-жылдан бери алганда жылына аз эле дегенде 30 толук метраждуу тасма тартылат. Алардын арасында жетиштүү жарнамаланып, премьерасы эл оозуна алынып, бирок ачык көрүүгө чыкпай калгандары бир топ. Бул тизмеде интернет айдыңында трейлерлери чыгып, алардын астына: «Бул фильмди качан көрө алабыз?» — деген билдирүү көп жазылган топтомду сунуштайбыз. Алардын арасында көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болгон тасмалар да бар.

2015-Переезд “ Көч” (Марат Сарулу)

 

https://www.youtube.com/watch?v=l3tM7HER8dQ&t=72s (трейлер)

Айылдагы дарыянын жээгиндеги чакан үйдө чоң атасы небереси менен жашайт. Алар жаратылышка суктанып айылдын жай, тынч жашоосун жашап келген. Аксакалдын кызы шаардын оңой эмес турмушун көрөт. Кыйынчылыкка чыдабаган кызы атасын айылдагы үйдү сатып шаарга көчүп келүүсүн суранат. Аксакал үйүн сатып, небереси менен бирге шаарга көчүп келет. Бирок шаардагы кызы насыяга акча алып, үйүн күрөөгө койгону белгилүү болот. Карызын убактында төлөй албаган соң үйүн тарттырып, үй-бүлө турак-жайсыз калат. Абалдан чыгуу максатында кызын балдар үйүнө, атасын карылар үйүнө тапшырып, өзү Орусияга акча иштеп келүүгө кетет…

 2014-Рай 604 (Чингиз Айтпаев)

https://www.youtube.com/watch?v=IQNV-dp_gh4 (трейлер)

https://www.youtube.com/watch?v=jJWMlmHsIGw (трейлер)

Фильмде башкы карман мурунку сүйгөн кызы тууралуу түштөрдү көрүп кыйнала берет. Күндөрдүн биринде ал аны издеп табууну чечет. Бирок бул учурда ал Гоага учуп кеткен эле. Жигит сүйүктүүсү жашаган мейманкананын атын таап, 604 аталышындагы тропикалык аралга келет. Бул жерден окуя ал күтпөгөн тарапка бурулат…

2011-Кызыл көйнөкчөн ( Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов жана Санжар Абдыжапаров)

https://www.youtube.com/watch?v=YWW0V1TJoI8 (трейлер)

Эки дос – Руслан менен Тоха ортосунда сөздөн сөз чыгып, мелдеше кетишет. Русландын кымбат баалуу машинасы мелдешке түшүп, ал досу Тоханын айтканын кылмай болот. Болбосо, машинасын ага арзан баада сатууну чечет. Ошентип баратып жолдо Русландын алыс тууган иниси Макс менен сүйлөшкөн кызы Жаннага жолугуп калышат. Кызды көрө калган Тоха “ушул кыз менен кумарга батасың” деп коёт. Экөө кечке талашып-тартышып, акыры Руслан куру намыс менен макул болот. Калп эле экөөнү «таштап коёбуз» демиш болуп, эртеси шаар четине чогуу эс алууга көндүрүшөт. Эки достун калп сөзүнө ишенген кыз-жигит алар менен бирге эртеси шаардын четинде жайгашкан, уюлдук байланыш тартпаган ээн үйгө келишет… «Кечке чейин кайтабыз» деген шылтоо менен алып келген эки дос планын ишке ашыруу үчүн эптеп айласын таап машинаны бузуп коюшат. Ошол күнү кете албай, айла жок түнөгөнгө туура келет. Ал эми иниси Макска эс-учун жоготсун деп атайын шараптан берип мас кылышат. Эч нерседен кабары жок Жанна кызыл көйнөкчөн келин тууралуу уламышты айтып отурат. Баары караңгы үйгө кирип, гитара менен ырдап-бийлеп отурганда Руслан арам ишине киришет. Кызды керебетке ыргытып, зордуктаганга аракет кылат. Каршылык көрсөткөн Максты жыга чаап, оозун басат. Бир маалда белгисиз бирөөнүн күчү менен үйдүн терезеси талкаланат. Табышмактуу мындай көрүнүштөн корккон жигиттер биринин артынан бири мыкаачылык менен каза болушат…

2013-Баатыр (Тимур Чериков,Тилек Чериков)

https://www.youtube.com/watch?v=hQfD8XnsPOE (трейлер)

Фильм интернатта жашап спорт менен машыккан жигит жөнүндө. Анын чемпиондука чейинки жолу, машыктырган атасы жана жакшы көргөн кызы менен болгон мамилеси тууралуу болот.

2014-На грани блефа (Алесандр Цай)

https://www.youtube.com/watch?v=zuxEllitwOI (трейлер)

https://www.youtube.com/watch?v=bCBP5WMJKt8&t=3s (трейлер)

Криминалдык комедия жанрындагы тасма эки достун ишкерлик жолу жөнүндө. Тима менен Илим нөлдөн бизнес куруу максатын көздөйт. Бул жолунда эки дос ар түрдүү экстремалдык (кооптуу) учурларга түшөт. Эки дос таптакыр башка жашоого көнгөн, социалдык статусу дал келбеген, калктын эки башка катмарынан. Достор сөзсүз түрдө бир ишкерлик кылуусу керек болгон абалга түшөт. Аларды мамилеси жашоонун катуу сыноосунан өтөт. Айрыкча “үчүнчү адам” туура эмес учурда Илим сүйүп калган кыз пайда болгондо. Достор бир нерсеге жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алабы? Илим сүйүктүүсү менен эч нерсеге карабай мамилесин сактап калабы? Достук мындай басымга туруштук береби?

2015-Шайлоо-жайлоо (Андрей Ершов)

https://www.youtube.com/watch?v=PGd4NvV7W_c&t=2s (трейлер)

Фильм 15 жылдан соң туулуп өскөн айылына келген жигит жөнүндө. Айылындагы башкаруу бийлигинин абалын көрүп, айылдаштары менен биргеликте аны менен күрөшүүнү чечет. Мындан сырткары кинодо сүйүү, комедия жана мистика элементтери камтылган.

2016-Атанын керээзи (Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу)

https://www.youtube.com/watch?v=jC1R3iJeySs (трейлер)

15-жылдан бери эмиграциялап АКШда ата-энеси менен жашап келген Азат Бишкекке учуп келет. Ал туулуп өскөн айылына каза болгон атасынын суранычы (керээзи) менен, анын карыздарын төлөөгө келет. Айылына келген соң үйү жана чарбачылыгы таштанды абалда кароосуз калганын көрөт. Мураттын иниси Чоро айылдан көчүп кеткенине көп болгон. Айылдаштарынын жагымсыз тосуп алуусуна карабай Азат үйүн оңдоп, атасынын карыздарын төлөөгө киришет. Күндөрдүн биринде Мураттын айынан түрмөгө отуруп чыккан Чоро пайда болот. Бул жолугушуу негизги суроого жооп берет: Чындыгында атасы эмнени керез кылып калтырды эле?..

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM