Биз менен байланышыңыз

Мекендештерден инвестиция тартуу максатында программа иштелип чыкты

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 524 | 0

Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн өкмөт иш чаралардын бир катар планын бекитти. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов КСДП фракциясынын жыйынында айтты.

Өзгөчө чет өлкөдө жүргөн мекендештерден мамлекетке инвестиция тартуу максатында 2019-2020-жылдарга «Мекендеш» программасы иштелип чыкты. Анын алкагында каражатын салам деген мекендештерге  пайызсыз ссудалар берилет.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлыкта айтылгандай, соңку жылдары чет өлкөдө иштеген мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыктар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM