Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «биоэтанол» өндүрүү пландалып жатат

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 521 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев парламенттин 6-февралдагы жыйынында биотунду өндүрүү боюнча сөз сүйлөдү.  Аны өндүрүү боюнча мунай өндүрүүчүлөр менен келишим барбы деген суроону өкмөткө узатты.

Өз кезегинде Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Кыргызстан жылына 171 миң тонна бензин жана  буга кошумча 14-15миң тонна биоэтанол өндүрүү пландалып жатканын айтты.

Мында өлкөдө күйүүчү майга болгон баа дагы төмөндөшү мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнү «биотун» боюнча мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда каралып жатат.  Анда күйүүчү майга 5 пайыз биоэтанолду кошуу милдеттендирилет.
Мында унаанын кыймылдаткычын алмаштыруунун кереги жок.

Кара-Балтада токтоп турган спирт заводу жаңы мыйзам кабыл алынып калса, биоэтанол өндүрүүгө ыктайт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM