Биз менен байланышыңыз

Элчинин билдирүүсү экинчи базаны эске салды

Коом | 4 Фев 2019 | 997 | 0

Орусияга жаңы дайындалган элчинин аскердик база тууралуу билдирүүсү коомчулуктун чоң талкуусуна жем таштады.

Кыргызстандын Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов «ТАСС» маалымат агенттигине Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу тууралуу пикирин билдирди. Анда кыргыз бийлиги Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуусун четке какпастыгын, бул маселе президент Владимир Путин Бишкекке келгенде талкуулана тургандыгын айткан. Дал ушул маек коомчулукта чоң талкууга жем таштады.

Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары жаңы дайындалган элчи эгемендүү Кыргызстанды Орусиянын тебелендисинде калтырат деген пикирлерин жазышууда. Аликбек Жекшенкулов болсо, өзүнүн айткандары бурмаланып кеткендигин, анда Бишкектеги жолугушууда аскердик база тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин гана болжогонун билдирген.

Ошол эле кезде эл аралык маселелер боюнча айрым эксперттер дагы элчинин бул сөзүнүн төркүнүн түшүнбөй турушат.

«Сереп» изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу бүгүнкү күнү Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууга муктаждык жок.

Жаңы дайындалган элчибиз кызык бир билдирүүлөр менен чыгып жатат. Экинчи база бир аскердик базанын күчү жетпей калып, өтө конфликттүү зоналарга атайын чакырык менен болот. Же болбосо, союздаш мамлекеттердин орток чечиминин негизинде үчүнчү мамлекет ал регионго катуу коркунуч туудурганда болот. А бирок Кыргызстандын шартында үчүнчү күчтөр тарабынан коопсуздукту чукул өзгөртө турган абал көрүнгөн жок. Анан туруп эле экинчи базаны ачуу Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт.

Ал эми Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев экинчи базанын ачылышы жана Канттагы аскер аба базасынын кеңейтилиши Кыргызстандын кызыкчылыгындагы иш деп эсептейт. Буга мисал катары ИШИМдин мүчөлөрү Тажикстанга жакын аймакта турат деген маалыматтарды белгилейт.

Эгер ушул аймактагы түзүлгөн кырдаалды эске алсак, Сириядан кеткен ИШИМдин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Ооганстанга келгени айтылууда. Орусиянын атайын кызматтары да маалымат беришти. Алар Тажикстан менен чек арасында турганы кабарланып жатат.Ошолдорду эске алганда бул маселе кайра актуалдуулугу артууда. Анткени Тажикстан менен чек аранын ары жагында Ооганстан турат. Ошого байланыштуу түштүк тарапка аскердик база ача турган болсо, анын эч зыяны жок.  

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков айтылып жаткан база аскердик машыгуу базасы болот деп турат. Ал жерде заманбап аскердик техникаларды колдонуу менен терорризм жана экстремизге каршы туруу ыкмалары окутулаарын айтып мындай базанын ачылышын колдоп жатат.

Бүгүнкү күндө аскердик атайын машыгуучу базанын зарылчыгы бар. Себеби ал жерде заман талабына ылайык, байланыш тетиктери, тактикалык жаткан үйрөнүү, атайын операцияларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алуу. Биздин аскердик кызматтардын тажрыйба алуусуна пайдасын гана берет.

Экинчи базаны ачуу бир эле коопсуздук жактан эмес, каржылык жактан дагы мамлекетке чоң салып болуп берээрин Жогорку Кеңештин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Максат Сабиров белгилейт. «Маралга берген маегинде эгер Орусия ири сумманы салык ирээтинде төккөнгө даяр болсо, баш тартпоого чакырат.

Эгерде ошол базаны коюп, биздин мамлекеттин коопсуздугун коргоо менен каражатты берип турса, утуш биз тарапта болот. Маалдында АКШнын аскердик базасы миллиондогон каражаттарды жана атайын техникаларды берип турчу. Ошол сыяктуу эле Орусия өзү куруп, база турган жерлерине салыгын төлөп турса жакшы эле болот деп ойлойм.

Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп Орусия президенти Владимир Путиндин марттагы иш сапары тууралуу сөз жүрдү. Министрдин студенттер менен болгон жолугушуусунда экинчи аскердик базаны ачуу Орусиянын демилгеси эмес экенин  белгилегени бар.

Copyright © 2017 Maral FM