Биз менен байланышыңыз

Футбол: Япония менен Катар кубок үчүн ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 1 Фев 2019 | 597 | 0

Бүгүн, 1-февралда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык беттеши өтөт. Финалда БАЭны уткан Катар курамасы менен Япония курама командасы менен беттешет. Япония курама командасы жарым финалдык оюнда 3:0 эсеби менен Иранды утуп алган.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталган. Мелдешке Кыргызстан алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамаларына каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыккан. 1/8 финалда «Ак шумкарлар» талаа ээлери БАЭнын курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM