Биз менен байланышыңыз

Кепилдик фонддун кирешеси 2 эсеге көбөйдү

Экономика | 31 Янв 2019 | 907 | 1

Бизнес-долбоорун ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан ишкерлерге мамлекеттик “Кепилдик фонду” жардам берүүнү улантат. Анткени кепилдик фонддун кирешеси эки эсе көбөйдү.

Өкмөттүн 2018-жылдагы «Кепилдик фонду» жөнүндөгү токтомуна ылайык, уставдык капитал 300 млн сомго көбөйтүлдү. Ошону менен жалпы 582млн сомду түздү.

Активдердин көрсөткүчү 819 млн 700 миң сом болду. Анын ичинен 613 млн сом фонддун каражаты болуп эсептелет.

Өткөн жылы «Кепилдик фонддун» кирешеси эки эсе өстү. Тагыраагы, бир жыл ичинде 507 млн сомго 419 жаранга кепилдик берүүгө жетишти. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Алардын 75 пайызы аймактагы ишкерлерге берилген. Тармактарга бөлүп карасак, 20% айыл чарба, өндүрүш жана кайра иштетүү 18 пайыз, соода 24%, туризм 10% жана кызмат көрсөтүү 7 пайызды түзгөн.

Анын арасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жеке ишкер Самара Абдрахманова «Кепилдик фонд» аркылуу эки ирээт насыя алды. Биринчисине чакан азык-түлүк дүкөнүн ачкан. Кийинки алган каражатты асыл тукум малдын башын көбөйтүүгө жумшаган. Бүгүнкү күнү бизнеси оң жолго түшкөнүн айтып, кубанып турат.

Мамлекеттик «Кепилдик фонд» биздин үй-бүлөгө абдан жакты. Анткени бизнести жаңы баштаган ишкердин каражаты ашыкча болбойт. Сөзсүз банктардан насыя алууга туура келет. Мындайда баягы эле күрөө маселеси чыгат. Албетт,е жакындарыңдын үйүн сурай албайсын. Өзүңдүкү жетпейт. Ошондой маалда чоң каражатты алууга абдан ыңгайлуу экен.

Эми ишкерлер кепилдикти  бир гана борбордон эмес аймактарда ала башташат. Бул иштер жер-жердеги өкүлчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашат жана жарандар убара болбой турганын «Кепилдик фонддун» жетекчиси Малик Абакиров айтты.

Биздин приоритеттүү багыт баягыдай эле калат. Айыл-чарба продукциясы, кайра иштетүү жана өндүрүш. Быйыл дагы аймактарга басым жасалат. 2019-жылы да пайыздык көрсөткүчтөр өткөн жылдан кем болбойт. Экинчиден кепилдикти тезирээк алуу үчүн быйылтан тарта жеринде берүүгө өтөбүз. Аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүз аркылуу ишке ашырабыз. Биринчисин Нарын облусунан баштайбыз.

А бирок аймактарда фонддун ишине нааразы болгон ишкерлер арбыды. Бирден-бир себеби берилген каражатка кошумча 2 пайызды төлөөдө экенин ЖИА бизнес-ассоциациясынын Баткен облусу боюнча аткаруучу директору Шералы Касымалиев ачыктап берди.

Баткен облусу боюнча соңку эки жыл ичинде 746 долбоорго кепилдик берилиптир. Жалпы суммасы 78 млн сом. Анын ичинен 29 млн сому «Кепилдик фондунан» алынган. А бирок жалпы облус боюнча алып караганда 746 долбоор абдан аз. Бүгүнкү күнү кепилдикке муктаждар толук колдоно албай жатат. Себеби банктан алынган насыянын пайызына дагы 2-2,5 пайыздын кошулуп жатканы ишкер үчүн дагы ыңгайсыз болуп жатат. Ошондуктан фонддон баш тарткандар арбыды.

«Кепилдик фонд» болсо, бул абдан төмөн пайыздык көрсөткүч экенине ишендирүүдө. Малик Абакиров бул жерде туура эмес түшүнүктөрдөн улам жаңылыш ойлор жаралып жатканын белгилейт. Ошондуктан аймактарда ишкерлерди окутуу компаниясы да башталды.

Биз ишкерлерге көбүрөөк жардам берүү максатында аларды окутуп жатабыз. Аймактардагы биздин атайын адистер ишкерлер менен тынымсыз жолугуп турат. Эгер керек болсо, аларга бизнес план түзүп, банктарга барып ишкердин укугун коргоого жардам берет. Андан тышкары «Кепилдик фонд» катары стратегиялык пландарды өнүктүрүүгө салым кошуп жатабыз.

Эскерте кетсек, атамекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында «Кепилдик фонд» түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин бир катар ишкерге банктардан насыя алуусуна көмөктөшүп келет. Алардын кайтарымы 99,9% болуп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Серепчи

    06.02.2019 14:35

    Банктын пайызына дагы Кепилдик фонддун 2,5 пайыз кошулат деген жиачынын айтканы туура эмес. Гарантиянын суммасынан 2,5 пайыз алынат ишкерден бир жолу. Банктан 10 пайыздан алса 12,5 болуп кетпейт. Жиачы туура эмес билдирди. Суроолор болсо туз эле Кепилдик фондго кайрылуу туура го!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM