Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: Кендерден түшкөн салык шылдыңга тете болууда

Күн чекит | 30 Янв 2019 | 1013 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы салыктык коюмдардын көлөмүн өзгөртүүнү сунуштады. Ал билдиргендей, айрым мамлекеттерде тоо-кен тармагындагы салыктар 15-50 пайызга чейин турат.

Кыргызстанда салыктык оорчулук 8-10 пайызды түзөт. Ошондуктан салыктык коюмдарды өзгөртүү зарыл экенин айтты.

Тоо-кен тармагындагы салыктык коюмдардын көлөмү жана аны көтөрүү демилгеси тууралуу «Күн чекит» программасында мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов айтып берди.

Марал: -Бүгүн коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынында Президент тоо-кен тармагындагы салык коюмдарынын көлөмүнө токтолду. 8-10 пайыз чыны менен эле азбы?

Мамбетов:-Биринчиден, кен иштетүү боюнча лицензиялар чет элдик компанияларга арзан кетти. Бирок бюджетке түшкөн акчанын көлөмү болбогон эле сумманы түзүүдө. Бул тууралуу өз оюмду президентке да жазгам. Бүгүн ошол маселелер толук талкууга алынды. Эми чет өлкөлүктөргө сатылган лицензиялардын баасы коомчулукка ачык көрсөтүлөт деп ишенип турам. Болбосо сол чөнтөккө кеткен каражаттар эч качан ачыкталбайт. Мамлекетке ири суммалар которулбайт.

Марал: -Баалуу металдар текейге кетип мамлекетке жетишээрлик көлөмдө каражат түшпөй жатса, эсептөөлөрдү кандай жүргүзүү керек? Тагыраагы, салык коюмдары кандай эсептелип чыгышы керек?

Мамбетов:-15-20 пайыз деп айтууга болбойт. Эгерде биз мамлекетке пайда алып келебиз десек,чыгып жаткан алтындын баасына кеминде 40-50 пайыз көлөмүн республиканын пайдасына салык катары алып калышыбыз керек. Бүгүнкү күнү «Кумтөрдөн» 13 пайыз гана алып жатабыз. Бул дүйнөдө болуп көрбөгөндөй шылдың. Салык кызматында баардык мыйзамдар бар. Ошолор аркылуу буга тезинен өзгөртүү киргизишибиз керек. Ал үчүн ашыкча баш оорутуунун кереги жок. Болгону эсептөөлөрдү так жүргүзүп, ачыкташыбыз зарыл.

Марал: -Сиз айткандай, салык коюмдарынын көлөмүн 50-60 пайызга чейин көтөрсөк, бюджетке салымы канча болот жана буга учурда иштеп жаткан компаниялар менен келишүүгө болобу?

Мамбетов:-Эгер салык кодексин туура колдонуу менен иштесек, республикалык бюджетке кеминде 40 млрд сом түшөт. Кошумча келип түшүп турмак. Азыр биздин республикалык бюджеттин суммасы 141 млрд сом.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM