Биз менен байланышыңыз

Мунапыс: Кайсы жазалар кыскартылат?

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 785 | 0

Мунапыс берүү боюнча иштелип чыккан мыйзамга ылайык, жарандар негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан бир топ категория боюнча бошотуу сунушталат.

-беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон өспүрүмдөр;

-60 жаштан жогору курактагы эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

-I жана II топтогу майыптар;

-экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

-анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар бошотулат.

Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен, жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго – мөөнөтүнүн жарымын кыскартуу сунушталат;

-атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго — үчтөн бирине;

-атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго — бештен бирине;

-тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге – жарымын кыскартуу сунушталат.

Жалпысынан бүгүнкү күндө мунапыска 4 миӊ 172 адам, алардын ичинде, 1-берене менен 285 адам жазадан бошотулат.

Талкууда 2 миӊ 172 адамдын 285и түрмөдөн бошоп,  калганы жаза мөөнөтүнөн кыскартылаары белгилүү болду.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM