Биз менен байланышыңыз

31-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 554 | 0

31-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM