Биз менен байланышыңыз

Аял режиссерлорунун III кинофорумуна арыздар кабыл алынууда

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 524 | 0

Бишкекте Кыргызстан аял режиссерлорунун III кинофорумуна арыздарды кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет.

Форумга аялдар тарткан кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар кабыл алынат. Арыздар 1-февралга чейин кабыл алынат.

Бул жылы Кыргызстан аял режиссерлорунун III кинофоруму март айында өтөт. Иш-чара эки күнгө созулуп, биринчи күнү коомдук ишмерлер менен режиссерлордун жолугушуусу болот. Эртеси режиссер аялдардын тасмалары көрсөтүлүп, талкууланат.

Кыргызстан аял режиссерлорунун кинофоруму 2016-жылдан бери уюштурулууда. Анын максаты — чыгармачылык менен алектенген аялдарга көмөктөшүү, алардын эмгегин коомго алып чыгуу. Ошондой эле ал аялдардын укугуна, гендердик маселелерге көңүл бурууну көздөйт.

Форум Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, ишкер Эмир Сарпашевдин жана былтыркы жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM