Биз менен байланышыңыз

Базилик рактын алдын алат

Блог , Ден соолук | 31 Янв 2019 | 5009 | 0

Рак оорусу менен табигый жол аркылуу күрөшүүнүн бир түрү катары кадимки базилик эсептелинет. Базилик дүнүйө жүзүнүн баардык бурчунда ашкана чөптөрүнүн бир түрү катары өстүрүлүп келет. Аны Орто Азия өлкөлөрүндө «райкан», «рейхан», «райхон», «реан» деп  да атап келишет. Райкан — бир жылдык бадал же бадал сымал өсүмдүктөрдүн бир түрү. Анын 150гө жакын жапайы түрү бар. Мелүүн климаттуу райондордо эфир майын алуу үчүн айрым түрлөрү өстүрүлөт. Эфир майы парфюмерияда жана тамак-аш өнөр жайында жыт бергич катары колдонулат. Ошондой эле ванилинди алуудагы негизги сырьё. Жанчып майдаланган кургак базилик болсо, татымал катары тамак-ашка пайдаланылса жагымдуу кычкыл даам берет. Базалик башка чөптөрдөн айырмаланып, ден-соолукка тийгизген өзгөчө таасири менен бүт дүйнөгө белгилүү болуп келет. Базиликтин ден-соолукка кандай пайдасы жана кандай зыяны бар десениз? Анда төмөндөгү маалымат сиз үчүн.

Базиликтин пайдалары

Рак оорусунун алдын алат:  Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча базилик рактын бир канча түрлөрүн алдын алуучу касиетке ээ экендиги тастыкталган. Курамында болгон күчтүү антиоксидант компонеттери пайда болгон шишиктерден, клеткалардын зыян тарттуусун коргойт. Мунун натыйжасында тери рагы, эмчек рагы, ооз рагы ж.б рактын бир канча түрүнүн пайда болушунун алдын алат. Базиликти күнүмдүк тамактарда колдонуу менен рак ооруларынын алдын алсак болот.

Иммунитетти күчөтөт: Базилик иммунитетти көтөрүүдө пайдасы көп. Анын курамында жугуштуу ооруларга каршы күрөшкөн 20дан ашуун химиялык заттар бар. Бул өсүмдүк ошол эле учурда суук тийүү, сасык тумоо сыяктуу ооруларды жеңүүдө вирустардын өлтүрүлүшүнө жардам берет.

Жүрөктү коргойт: Базиликтин курамында эвгенол аттуу күчтүү бир антиоксидант компоненти бар. Бул компонент кан басымын көзөмөлгө алып, холестериндин деңгээлин азайтып жүрөктү коргойт. Жүрөк ооруларынын  алдын алуу үчүн күн сайын тамак-ашынызга белгилүү бир өлчөмдө кошуп жесениз болот. Жүрөктү коргоо менен бирге холестериндин денгээлин түшүрүүгө да жардам берет.

Көздүн жакшы көрүүсүнө пайда: Жаңы жулунган базилик жалбырагынын 100 граммында, бир адамга бир күндө керек болуучу А витаминин алууга болот. Бул витамин көздүн жакшы көрүүсү үчүн керек болгон эң негизги зат. Базиликтин суусу ооруган көздөргө жана витаминдин жетишсиздигинен пайда болгон кечки көрбөй калууларга чечүүчү жол десек дагы болот.

Бөйрөк ташынын  алдын алат:  Бул өсүмдүктүн жалбырактары бөйрөктөрдүн саламатта болуусунда таасири чоң. Базилик суусунун бал менен болгон аралашмасы заара чыгаруучу жолдордун катышуусу менен бөйрөктөгү таштарды тазалоодо жардам берет.

Тери жана чачка пайда: Сулуулук үчүн базиликтин пайдасы көп. Тери жана чач маселелерин чечүүдө табигый таза өсүмдүк жардамга келет. Чачтардын түшүүсүн азайтып, күчтүү кылат. Антисептикалык жакшыртуучу өзгөчөлүккө ээ болгон базилик, теридеги жараларга, кесилерге жерлердин бүтүүсүнө жана тери ооруларына жардам берет.

Ич көпкөндө жардам берет: Базиликтин жалбырагындагы Р витаминдин булагы рутин жана А провитамини көп болгондуктан ич көпкөндө жакшы жардам берет. Ошондой эле ичтеги курттарды өлтүрүш үчүн да колдонулат.

Базиликтин зыяндары

Кош бойлуулук жана эмизүү: Тамактардын ичинде аз өлчөмдө колдонулган базилик кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга коркунучу жок, ишенимдүү түрдө жей берсе болот. Бирок белгиленген өлчөмдөн көп колдонуу баланын жана эненин ден соолугуна зыян.

Кан айлануунун бузулушу:  Базиликтеги майлар жана экстраттар кандын уюшун жайлатат жана кандын агышын тездетет. Мунун натыйжасында кан айлануунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ушул себептен базиликти өлчөмүнөн ашык колдонууга болбойт.

Төмөнкү кан басым: Курамындагы экстраттар кишинин кан басымын түшүрүшү мүмкүн. Теория боюнча базиликтин курамындагы экстраттар кан басымы төмөн болгон кишинин кан басымын мурдагыдан да төмөндөтүп салышы мүмкүн. Мындан улам кан басымы төмөн болгондорго базиликти күнүмдүк тамактарда такай колдонуусу сунуш кылынбайт.

Хирургиялык: Май жана экстраттардан турган курамга ээ болгон базилик, кандын уюшун жайлатышы мүмкүн. Теорияда айтылгандай, курамындагы май жана экстраттар хирургиялык операция убагында кандын агышын күчөтүп салат. Ушул себептен белгиленген операциядан эң аз дегенде эки жума мурун базиликти тамак-ашта колдонууну токтотуу керек болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM