Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргызстандыктар эң көп орусиялыктар менен баш кошкон

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 1348 | 0

8 жыл ичинде Кыргызстандын 17 миң 609 жараны чет элдиктер менен никеге турган. Анын ичинде эң көбү — 6744 нике Орусиянын жарандары менен түзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди.

Мындан тышкары, 5024 нике Өзбекстандын жарандары менен, 1682 Казакстан жарандары менен, 1495 нике Тажикстан жарандары менен түзүлгөн.

Түркиянын жарандары менен 604, Корея – 472, Ооганстан – 35, Пакистан – 66 жана эң аз көрсөткүч — Кытай жарандары менен – 60 нике түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM