Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Быйыл жасаган иштерибиздин жыйынтыгы көрүнүшү керек

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 459 | 0

2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү оң динамикага ээ болуп, ИДПнын көлөмү 557 млрд сомду түздү.

Ошондой эле «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму жана электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы ишке киргизилип жатат. 2019-жылга карата туруктуу өнүгүүнү камсыздоочу жана балансталган өлкө бюджети кабыл алынган.

«Биз үстүбүздөгү жылы алдыбызга маанилүү милдеттерди койдук. 2019-жыл биз аркылуу жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын көрсөтүүчү маанилүү жылдардан болот. Буга байланыштуу жалпыңыздарды ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам», — деди Абылгазиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM