Биз менен байланышыңыз

Чет өлкө жарандыгы жок 1,5 мин адам өлкөдөн чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 1871 | 0

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандыгы жок жүргөн 1549 жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов өкмөттүн жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында 2014-2018-жылдар аралыгында ИИМ тараптан 22 миң чет өлкөлүктүн жарандыгы жок экени аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин анын 1549 республиканын аймагынан чыгарылган. Мындан мамлекеттик казынага айып ирээтинде 198 млн сом которулган.

Анткен менен мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандардын жоопкерчилиги толук каралган эмес. Мындан улам ушул жааттагы мыйзамдарды карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Эске салсак, Кыргызстанга кирген чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгү Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Кытайдын жарандары экени маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM