Биз менен байланышыңыз

Үч милиция кызматкери 2500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 796 | 0

Үч милиция кызматкери 2500 доллар накталай алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

24-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын 31 жаштагы кызматкерин, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөөдө жүргөн 37 жаштагы мурдагы кызматкерин жана Ленин РИИБинин Криминалдык милициясынын 39 жаштагы мурдагы кызматкерин 2500 доллар накталай алып жаткан жеринен кармады.

Алар кылмыш ишин козгобош үчүн жергиликтүү жарандан 3 миң доллар талап кылганы аныкталды.

Кармалган милиция кызматкерлерине Кылмыш жана жаза кодексинин Пара талап кылуу (326) беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM