Connect with us

Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жанат Бейшеновду транспорт жана жолдор министри кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты маалымдайт.

24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жанат Бейшеновдун талапкерлигин 94 депутат колдоду. Талкуу учурунда депутаттар жол оңдоодогу көйгөйлөр, транспорт маселелери боюнча бир катар суроолорду узатышты.

Бейшеновдун талапкерлигин буга чейин парламенттин тармактын комитети карап чыгып, жактырган. Аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Мурунку министр Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен.

Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. КУУда окутуучу, Өкмөт аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM