Биз менен байланышыңыз

Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 434 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Башкы консулдук округу Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын  камтыйт. Ошол эле учурда жогоруда аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылып, Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалы — Новосибирск шаарындагы вице-консулдугу жабылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM