Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик менен алып келинген жүк ташуучу унаалар кармалды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 389 | 0

Кыргызстанда бир жума ичинде үчүнчү жолу жүк ташуучу унааларды аткезчилик жолу менен ташып кирүү фактысы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Бул жолу Volvo үлгүсүндөгү эки прицеби менен 3 жүк ташуучу унаа кармалды. Төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 6 млн 398 миң сомду түздү.

2017-жылы өлкөдө бажы төлөмдөрүнөн качып, жүк алып кирип жүргөн туруктуу схема аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 120дан ашык автоунаа колго түшкөн. Бажы кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана Ички иштер министрлиги аткезчилик менен кирген унааларды издөөнү улантышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM