Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мамлекеттик тил өнүкпөй жатат

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 536 | 0

Кыргызстанда мамлеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок. Мындай пикирди депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Анын айтымында, өкмөт өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек. Анткени, мамлеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок. Ошондуктан, жумушчу топ түзүп, мыйзамдардын аткарылышы жаатында кетирилген кемчиликтердин жөн-жайын талдап чыгып, өз сунуштамаларын бериши зарыл.

Ошону менен бирге депутат коӊшу Казакстандын тажрыйбасын мисалга келтирип, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышканын белгиледи. Кыргызстанда мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Мавлянова бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM