Биз менен байланышыңыз

Абдыров: Коомдук кеңештерге мүчөлөр конкурстун негизинде кабыл алынат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 585 | 0

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров “Марал” радиосуна берген маегинде мамлекеттик органдардын коомдук кеңешине мүчөлөрдү атайын комиссия тандап аларын билдирди.

Анын айтымында, комиссиz 15 мүчөдөн турат. Алардын бешөө өкмөттүн өкүлдөрү болсо, калганы жарандык коомдун өкүлдөрү. Алар 5 жылда алмашып турат. Коомдук кеңештерге мүчөлөр конкурстун негизинде кабыл алынат.

«Коомдук кеңешке кирүү үчүн жарандын курагы 18 жаштан жогору болушу зарыл. Мүчө болууну каалган жаран арыз, эссе жазып, резюмесин тапшырат. Мындан сырткары 2 сунуш кат талап кылынат. Документтерди Мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин сайтында (www.osgo.kg) көрсөтүлгөн дарекке жиберишет. Комиссия бир айдын ичинде карап чыгат. Жарандын ой жүгүртүүсү дал келсе чакырылат», — дейт Абдыров.

Маалыматка ылайык, соттолгон жана мамлекеттик, муниципиалдык кызматта иштеген адамдар коомдук кеңештерге мүчө боло албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM