Биз менен байланышыңыз

Усейн Болт спорттук карьерасын жыйынтыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 771 | 0

Ямайкалык жеңил атлет, Олимпиаданын сегиз жолку, дуйнөнүн 17 жолку чемпиону Усейн Болт спорттук карьерасын соңуна чыгарды. Бул тууралуу Би-би-си түрк кызматы жазды.

100 жана 200 метр аралыктарга чуркоодо дуйнөнүн рекордсмени Болт 2017-жылы жеңил атлетикадагы карьерасын бүтүрсө, акыркы эки жылын футбол тармагына арнап, бирок өзү каалагандай жыйынтык болбогонуна байланыштуу спорттон биротоло кетерин жарыялады.

Ал европалык бир катар атактуу клубдар менен бирге машыгууларга чыгып, акыркы жылда Австралиянын Mariners клубу менен бир нече беттештерге чыккан.

«Мен каалагандай болгон жок. Бирок жашоодо тажрыйба топтоп, көп нерсени үйрөндүм. Өзгөчө бир команданын мүчөсү болуу жагымдуу нерсе болду»,-деди дүйнө чемпиону.

Ал эми бизнес тармагында өзүн сынап көрөрүн билдирген.

Эске салсак, Усейн Болт 100 метрлик кыска аралыкты 9, 58 мүнөттө чуркап өтүп, дүйнө рекордун койгон, аны азырга чейин эч ким өтө элек. Ал жарыштын үчүнчү бөлүмүндө гана атаандаштарын басып өтчү өзгөчөлүгү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM