24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бишкект шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +4…+6.