Биз менен байланышыңыз

Унаалардын мамлекеттик номурларын сатуудан 100 млн сом түштү

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 402 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы Автоунаа үчүн «өзгөчө» комбинациядагы номерлерди сатуудан бюджетке 100 млн сом которду.

Мекеменин маалыматында, ал каражаттын 46 миллиону мамлекеттик номерлерди даярдоодон жана 56 миллиону өзгөчө номерлерди сатуудан түшкөн.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2016-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик номерлерди чыгара баштаган. Андан мурун бул ишти жеке компания ишке ашырып келген.

Учурда адаттагы номерлерди даярдоо 24,4%га арзандаган, дипломаттык, консулдук жана эл аралык өкүлчүлүктөрдүн 1 комплект номерин даярдоо 61,5%га ылдыйлаганын мекеме билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM